Өзбекстанда газ куюучу жайлары жабылганы менен үйлөрдө дагы деле газ жок. Эмне болуп жатат? ММК

"Өзбекстанда бардык газ куюучу жайлардын ишмердүүлүгү токтотулду" деп билдирет kun.uz сайты.

Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, биринчи кезекте жаратылыш газын калкка жеткирүү боюнча чаралар көрүлүп жатат. Ага карабастан газ дагы деле жок, жыйынтыгында айдоочулар дагы, жашоочулар дагы газсыз отурушат. Жашоочуларды түркмөн газы менен камсыздайбыз деген маселени баары унутуп калышты.

12-январда Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аномалдуу суукка байланыштуу ири өндүрүштүк ишканаларга жаратылыш газын берүү көлөмү чукул кыскартылган, ошондой эле кыска мөөнөткө автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялары дагы токтотулду.

«Республикадагы аномалдуу төмөнкү температурага байланыштуу газ өткөргүчтөрдөгү газдын басымынын чукул төмөндөөсү байкалууда. Калкка, электр энергиясын өндүргөн ишканаларга жана социалдык тармактагы объектилерге биринчи кезекте жаратылыш газын жеткирүү чаралары көрүлүүдө. Ушуга байланыштуу айрым бир ири өндүрүштүк ишканаларга жаратылыш газын жеткирүүдөгү көлөм кыскартылды жана убактылуу газ куюучу жайларынын ишмердүүлүгү токтотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бирок колдонуучулардын айрымдары билдиришкендей, эч кандай жакшы жылыштар байкалбай эле.

«Газ куюучу жайларды жабышты, абал жакшырат деп ойлогонбуз. Эч нерсе өзгөргөн жок, тескерисинче, абал андан да начарлап кетти. Буга чейинки алып жүргөн газ жоголуп кетти. Газ жок. Светти өчүрүп жатышат, суу тоңуп калды. Үйдү кантип жылытабыз? Эмне кылабыз? Энергетика министрлиги 30 жылдан ашык убакыт жашоочуларды жана аба ырайын күнөөлөп келишет. Калктын саны өсүүдө, ал эми муздак аба-ырайы алардын ишине тоскоолдук жаратууда. Газ кызматкерлери Сибирде, Канадада жана Норвегияда кантип иштешет? Ал жакта ар дайым муздак, бирок ага карабастан алардын газ өткөргүчтөрү тоңбойт, калкы жылуу үйлөрдө отурушат. 30 жыл аралыгында энергияны үнөмдөө тутуму өзүн такыр актаган жок. Кышында аябай суук, ал эми жайкысын аномалдуу ысык – баары эрийт. Энергетика министрлигинин тутумунда энергетиктер өзүнүн ишине кылдат мамиле жасашы керек. Биз бул жерде көптөгөн миллион калк тууралуу айтып жатабыз. Инвестиция жокпу, анда инвесторлор үчүн шартты жакшыртыш керек. Өлкөнүн энерго тутумуна эч кимдин инвестиция тарткысы келбегендигине өзбекстандыктар күнөөлүү эмес да. Иштеш керек, ойлонуш керек жана аткарыш керек. Ушундай нерселер үчүн мамлекеттик кызматкер деген түшүнүк бар», - деп билдирди Kun.uz сайтына Намангандын жашоочусу.

Автомобилдик газ куючу жайларынын ишмердүүлүгү токтотулгандан кийин эч кандай өзгөрүү байкалган жок. Бул өзгөчө өлкөнүн региондорунда байкалууда.

«Газ бар кезде биз жума сайын 100 миң сумга чейин төлөйбүз. Бир айга 300 миң сумдан жогору төлөйбүз. Биз төлөөгө даярбыз, бирок газ жок болуп жатпайбы. Свет жана газ жок убакытта, балдарыбыз ооруп жатышат, аларды дарылоого 300 миңден ашык каражат жумшап жатабыз. Отун менен көмүр андан дагы кымбат. Ага кошумча зыяны дагы көп, өрт жана уулануу кооптуулугу жогору. Жаратылыш газын от казандагы сууну жылытуу үчүн колдонобуз. Бул коопсуз. Стандарттар боюнча от казаны ачык жерде турат. Ал эми газ жок убакытта, электр энергиясына массалык жүктөм болуп жатат. Анан светти өчүрүп коюп жатышат. Мына жыйынтыгы. Свети жок, газы жок отурабыз. Аны менен бирге жаңы үйлөр козу карындардай эле көбөйүп жатат. Биринчи курулушка уруксаат бергенден мурун, жергиликтүү бийлик энергияны үнөмдөө тууралуу ойлонуулары керек. Эмне үчүн 10 үйдү курушат, эгерде калкты газ, свет жана суу менен камсыз кыла албагандан кийин? Логикаларын түшүнбөйсүң», -дейт башка жашоочу.

«Потребитель.уз» группасында өзбекстандыктар массалык түрдө газ жана свет жок арызданышууда.

Колдонуучулар эмне деп жазышууда:

«Яшнабадский району, А. Яссавий махаллясы Сувбуйи көчөсүндө үч күндөн бери газ араң араң күйүп жатат».

«Свет Мирабадский району Биродарлик махалясында кечеги күндөн бери свет жок».

«Спутник 16, 6-үй, 4-подъезд. Жылуулук жок. Сезон башталгандан бери жылуулук жок, айрым учурларда гана жылып калат, бирок эсептер келүүдө. Ушул айларга мен төлөбөйм. Бул каражатты мен электр энергиясына жумшадым, 4 бөлмөнүн бирин гана жылытканым үчүн! Бөлмөдө 14 градус, жылыттым дегенден кийинки көрсөткүч – 17!! Силердин дагы балдарыңар жана ата-энеңер ушундай жашашсын!!».

«Саламатсыздарбы, Ташкент ш., Алмазар району, Мирза Голиб махаллясы, 6-өтмөк 11-а үйү – кече күнкү саат 17:00дөн бери свет жок, азыр деле жок».

«Ташкент, Мирабад району,4-өтмөк Кичик Бешогоч 6, газ араң гана күйүп жатат, светти эрте менен өчүрүштү!».

«Мирзо-Улугбек району, Темур Малик көчөсү 112/6 дө 4 суткадан бери газ жок. Үйдө эки контурлуу от казаны турат. Кошуналардын баарында балдары бар. Үй суук, тамак жасалбай турат. Чара көргүлөчү, суранабыз».

13-декабрда Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Сардор Умурзаковду кабыл алды.

Kun.uz сайтынын өздүк булагынын маалыматы боюнча, жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстанга суткасына кошумча 20 млн куб газын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган (жалпысынан 3 айда 1,5 млрд куб метр).

«Эгерде ушул долбоор ишке ашса, анда Өзбекстанда кыш мезгилинде жаралган газ көйгөйү толук чечилиши мүмкүн», - деп билдирди өздүк булактар.

Энергетика министрлиги Өзбекстанга түркмөн газы кайсы күндөн тартып бериле баштаары боюнча расмий маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан