Эртең, 30-январда өлкө аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6 … -11, күндүз +2 … +7;
Талас облусунда түнкүсүн -7 … -12, күндүз +3 … +8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2 … -7, күндүз +4 … +9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2 … -7, күндүз +3 … +8;
Нарында түнкүсүн -14 … -19, күндүз -1 … -6;
Бишкек шаарында түнкүсүн -6 … -8, күндүз +4 … +6.