Бишкектеги Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынат (эскиз)

Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Кабарга караганда, "Бишкекбашкыархитектура" мекемеси эс алуу жайынын эскиздик долбоорун иштеп чыкты.

Жакында салына турган жашыл аятта коомдук даараткана, гүл сатуучу күркөлөр, биргелешкен дизайндагы гезит күркөлөрү жана отургучтар орнотулат. Мындан тышкары дарактар отургузулат.

"Аялдаманын ордуна жол тыгынын азайтуу пунктун жасоо пландалууда. Учурда эски гезит күркөлөрү жана тосмолор демонтаждалууда" дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан