Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 23-мартка карата 7 миллиард 873 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалым болгондой, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 258 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 280 куб метрге жетүүдө.