Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Бош кызмат орундарынын тизмеси:
- Эл аралык-укуктук департаментинин Көп тараптуу келишимдер бөлүмүнүн атташеси;
- Экономикалык дипломатия департаментинин Экспортту жана туризмди илгерилетүү бөлүмүнүн атташеси (2 бирдик);
- Экономикалык дипломатия департаментинин Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн атташеси;
- Консулдук департаменттин Экспертиза, документтештирүү жана визалык иш бөлүмүнүн Докменттештирүү секторунун атташеси;
- Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;
- ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (2 бирдик) - (иштеген жери Баткен жана Жалал-Абад ш.);
- Валюта-финансы департаментинин Кирешелерди эсепке алуу секторунун башкы адиси;
- Валюта-финансы департаментинин Чет өлкөдөгү мекемелер секторунун башкы адиси;
- Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун башкы адиси;
- Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун жетектөөчү адиси.
Сынакка катышуу үчүн документтердин тизмеси шилтемеде көрсөтүлгөн. Документтер 25-марттан тартып 6-апрелге чейин иш күндөрү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат үчүн байланыш номерлер: (0312) 62 50 87, 62 66 57.