Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана "Кайрат" футболдук клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов алматылык клубдан кетти. Мындай маалымат клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кыргыз футболчусу менен келишим тараптардын өз ара макулдашуусу менен токтотулду.
Гүлжигит Алыкулов "Кайратка" 2020-жылдын башында келген. Алматылык клубдун курамында ал Казакстандын чемпиону жана өлкө кубогунун ээси болуп, УЕФАнын конференциялык лигасынын тайпалык баскычына чыккан.