MEGA Ысык-Көлдө “Тазалык саатын” колдоого алды 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору “Тазалык сааты” кыймылы” долбоорун колдоого алды. 29-июлда “Альфа Телеком” ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов, MEGA компаниясынын жамааты жана экология активисттери Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде ишембилик өткөрүштү. Акциянын соңунда 160 кап таштанды топтолгон.

“Бүгүн биз келип кошулган “Тазалык сааты” – абдан маанилүү долбоор. Мындай акциялардын актуалдуулугу биздин өлкө да туш болуп жаткан экологиялык көйгөйлөрдөн улам өсүп жатат. Аталган иш-чара бир жолу өткөрүлүп токтоп калбай, биздин компания үчүн жакшы саамалыктардын бири болуп калат деп ишенем. MEGA улуттук оператору деген макамга ээ, биз бул макамга татыктуу болушубуз керек экендигин түшүнөбүз. Ушундай демилгелерди ишке ашыруунун алкагында өзүбүздөгү социалдык жоопкерчиликти сезебиз», - деп белгиледи Нурлан Мамытов.

Экологиялык маданият - MEGA компаниясынын ажырагыс корпоративдик маданияты болуп саналат. Мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өлкөнүн бардык аймактарында өткөн жалпы шаардык жана республикалык ишембиликтерге туруктуу түрдө активдүү катышат.

«Биз MEGA’нын командасы жана активисттер менен биргеликте аймактын чаканыраак бөлүгүн тазаладык. Албетте, бул Кыргызстан менен Ысык-Көл облусун таштандыдан арылтууга кошкон кичинекей гана салым. Бирок андан да башкысы - биздин кереметтүү Мекенибиздин тазалыгын сактоонун, артыбыздан дайыма тазалап кетүүгө көнүүнүн, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону адатка айландыруунун маанилүүлүгүн аңдап сезүү”, - деп кошумчалады аталган иш-чарага катышкан Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

MEGA Ысык-Көлдө “Тазалык саатын” колдоого алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан