MEGA24 тиркемесин жүктөп алуулардын саны 1 миллиондон ашты

Мамлекеттик оператордун MEGA24 тиркемесин Google Play платформасында жүктөп алуулардын саны 1 миллиондон ашты.

Тиркеме өзүнүн кеңири функционалдуулугу жана маалыматтык сервиси менен Кыргызстандагы эң көп жүктөлгөн тиркемелердин бири болду. MEGA24 аркылуу тарифти башкаруу , өзүңүздүн жана жакындарыңыздын чыгымдары тууралуу бир нече басуу менен маалымат алуу бир топ ыңгайлуу экенин абоненттер баса белгилейт.

Жеке кабинет:

Тиркеменин “Жеке кабинет” бөлүмүндө төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарууга болот:

  • Учурдагы балансты көрүү;
  • Тариф боюнча калдыктарды текшерүү;
  • Кайсы кызматтарга каражат сарпталганын билүү;
  • Тарифти алмаштыруу;
  • Кошулган кызматтарды текшерүү;
  • Кошумча интернет жана түйүндөн тышкары мүнөттөрдү кошуу;
  • Деталдоону алууга тапшырык калтыруу;
  • Жакындарыңыздын номерин кошуу жана балансты, кошулган кызматтарды көзөмөлдөө;
  • М2М SIM-картаcын башкаруу

МегаПортал

Сизге бул бөлүмдө төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү:

  • Учурдагы аба-ырайы жана валюта курстары;
  • “Манас” жана “Ош” аэропортторунун аба каттамдарынын жүгүртмөсү;
  • Бейтапканага онлайн жазылуу;
  • Кооз номер тандоо;
  • Дүйнөлүк алдыңкы журналдарды онлайн окуу жана башка көңүл ачуу мүнөзүндөгү кызматтар жеткиликтүү.

Акциялар:

Ар түрдүү акцияларга катышып, бонустарга жана баалуу белектерге ээ болуңуз.

MEGA24 тиркемеси ар тармактуу болушу үчүн көп эмгек талап кылынды жана ушуну менен гана токтобостон, маалымат алуу абоненттерге жөнөкөй жана жеткиликтүү болушу үчүн болгон күч-аракетин жумшайт.

MEGA24 тиркемесин тандагандыгыңыз үчүн кубанычтабыз! Ишенимиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

MEGA24Сизге керектүүнүн баары бир тиркемеде!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан