Күз-кыш мезгилинде начарлап бара жаткан экологиялык абалды эске алып, Газпром Кыргызстан», «РСК Банк» жана «Айыл банк» Кызматташуу жана «Газдаштыруу» насыялык продуктун ишке киргизүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Мамлекеттик банктардан «Газдаштыруу» насыясынын негизги артыкчылыктары булар:
«РСК Банк» – 5 000 сомдон 150 000 сомго, ал эми «Айыл Банк» 200 000 сомго чейин суммада насыя сунуштайт. Каражаттарды газдаштыруу боюнча чыгымдарды жабууга жана зарыл болгон материалдарды сатып алууга багыттаса болот.
«Газдаштыруу» насыясын тариздөө үчүн банктардын бирине кайрылып, төмөнкүдөй документтерди көрсөтүү зарыл:
Мамлекеттик банктардын насыялары боюнча жылдык пайыздык коюм 18%ды түзөт, бул аны төлөп жабууга ыңгайлуу шарттарды камсыздайт. Насыянын мөөнөтү 3 айдан 24 айга чейин болушу мүмкүн.
2023-жылдын 31-августуна чейин насыя алган кардарлар үчүн кошумча бонус каралган – алгачкы газдаштырууда жеке сектордун турак үйлөрү үчүн «Газпром Кыргызстан» жасаган жумуштардын айрым түрлөрүнө 3 000 сомго чейин жеңилдик.
«Газификация» насыясы боюнча банктык төлөмдөрдү эсептөө
Газ казанын жана зарыл болгон чыгымдоо материалдарын сатып алууну эске алганда, сиздин жер тамыңызды газдаштыруу боюнча чыгымдарыңыз 100 000 сомду түзөт деп алалы, насыялоонун мөөнөтү 24 ай болсо, анда ай сайынкы төлөм айына 5 000 сомдон ашпайт.
Ай сайынкы төлөм, сом |
Насыянын негизги суммасынын калдыгы, сом |
|
1-ай |
4 992 |
96 487 |
2-ай |
4 992 |
92 970 |
3-ай |
4 992 |
89 399 |
- |
- |
- |
23-ай |
4 992 |
4 948 |
24-ай |
4948 |
0 |