MBusiness жана MBANK эсептеринин ортосунда төлөм үчүн эсеп-фактураларды жөнөтүүнүн жөнөкөй жана эффективдүү жолун колдонуңуз!
Нускамасы:
1. MBusiness тиркемесинин негизги экранында «Түзүү» баскычын тандаңыз;
2. «Эсеп-фактураны» басыңыз;
3. Төлөөчүнүн номерин киргизиңиз;
4. Төлөмдүн максатын көрсөтүңүз;
5. Төлөмдүн суммасын киргизиңиз
6. Даяр! Алуучу эскертме алат жана ошол замат төлөй алат.
Бизнес ээлери үчүн финансылык операцияларды жүргүзүү жана төлөмдөрдү көзөмөлдөө үчүн ыңгайлуу инструменттер болушу маанилүү. Эми MBusiness жана MBANK менен сиз өзүңүздүн бизнес эсептериңиздин ортосунда төлөм үчүн эсеп-фактураларды оңой жана тез жөнөтө аласыз, каржыны башкарууда ыңгайлуулукту жана жөнөкөйлүктү камсыздай аласыз.
MBusiness - Smart банкинг, акылдуу ишкерлер үчүн.