Транспорт салыгы: Кантип 2 мүнөттүн ичинде эсептеп, онлайн жана комиссиясыз төлөсө болот

2023-жылдын 1-сентябрына чейин унаа ээлери транспорт салыгын төлөшү керек.

«О!Деньги» капчыгы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде унаа салыгын ыңгайлуу эсептеп, онлайн жана комиссиясыз төлөсө болот. Бул үчүн унаанын маалыматтарын, унаа ээсинин ИСНин көрсөтүү жетиштүү, салыктын суммасы автоматтык түрдө эсептелет.

Унаа салыгын кантип эсептеп, төлөсө болот:

1. Google Play'ден же App Store'дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып аласыз.

2. «О!Деньги» капчыгын ачасыз, «Каталог боюнча издөөнү» тандап, «Транспорт салыгы» деп тересиз.

3. Маалыматтарды көрсөтөсүз, салыктын суммасы автоматтык түрдө эсептелет.

4. Комиссиясыз төлөйсүз.

Төлөм жөнүндө электрондук чекти галереяга сактап коюу, же почтаңызга же мессенджерге жөнөтүү оңой – мында чек ар дайым колуңузда болот.

Төлөмдүн макамын МСКнын сайтынан чектин номери боюнча текшерип алса болот.

Белгилей кетели, «Мой О!» тиркемесинде унаа ээлери үчүн башка ыңгайлуу функциялар дагы бар: камерага түшкөн же колго жазылган айып пулдарды төлөө, Partner Neft жана Bishkek Petroleum май куюучу станциялар тармактарынан 2% кешбэк менен контактсыз төлөө, унааларды сатып алуу жана сатуу үчүн «О!Маркет» акысыз жарыялар сервиси жана көптөгөн башкалар.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц.: №2021030817, №3022030817.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан