«Кыргыз-Швейцариялык банкына» 10 жыл.
Он жыл мурда швейцариялык «Петрам Финанс» финансылык компаниясы банкрот болгон «Кыргыздыйканбанк» ЖАКка инвестиция кылып, 2013-жылдын 26-августунда Кыргыз Респбуликасынын Улуттук банкынын атайын эсебине акча каражаттарын которгон.
Бул жылдар ичинде кызыктуу жолдор басылды, баа жеткис тажрыйба топтолду жана өзүнүн туруктуулугу жана ырааттуулугу менен татаал тапшырмаларды чечүүнү үйрөнгөн тилектеш адамдардын коллективи түзүлдү, банк динамикалык түрдө өсүүдө жана алдыга койгон максаттарына пландуу жетишүүдө. Экинчи он жылдыкты Банк амбициялуу пландар менен тосуп алууда, аларды ишке ашыруу «Кыргыз-Швейцариялык Банкынын» кардарларына дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү, артыкчылыктарды жана алынган тейлөөлөрдөн жагымдуу таасирлерди бере алат.
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» он жылдык ийгилигине катышкан бардык кардарларына, өнөктөштөрүнө, кызматташтарына жана акционерлерге тандоосу, көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет!
Туулган күнүң менен, «Кыргыз-Швейцариялык Банкы»! Өсүп-өнүгүүлөр жана жаңы ийгиликтер болсун!