Кыргызстан Россиянын Борбор Азиядагы форпосту бойдон калууда. Владимир Путиндин сапары тууралуу эксперттердин пикири  

12-октябрдагы Владимир Путиндин Бишкекке болгон расмий сапарынын жыйынтыгына ата мекендик эксперттер баа беришти. Алар расмий сапарда "Чоң натыйжаларга жетишилди" деп эсептешет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстандын ЖККУ, Россия менен кызматташуусу өтө маанилүү болуп саналат.

"Биз регионубуздун алдында турган реалдуу коркунучтарды жана чакырыктарды сезгенибизде, Канттагы россиялык базанын ЖККУ күчтөрүнүн курамдык бөлүгү катары чындап керек экенин анык түшүнөбүз. Бул биздин аталган уюмга мүчөлүгүбүз сыяктуу эле маанилүү. Бул кызматташтыкты бузууга болгон ар кандай аракеттерге карабастан, биздин келишимди кайра карап чыгуу ниетибиз жок, алтургай ал бекемделет. Жеке өзүм айткым келет, бул зарыл компонент", - дейт ал.

Иманкулов Кыргызстан, ал гана эмес андан да күчтүү мамлекеттер көптөгөн тышкы глобалдык коркунучтарды жалгыз көтөрө албасын баса белгилейт.

"ЖККУсуз, ЖККУнун негизги мүчөсү болгон Россиясыз биз үчүн кыйын болот. Биз глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөштө күчтөрдү бириктиришибиз керек. Ошон үчүн Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Россиянын Кант аскерий базасы ар кандай экстремисттер үчүн тоскоол болуп жатканын эске салды деп ойлойм", - деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Көз карандысыз саясий эксперт Марс Сариев Путиндин расмий сапары эң жогорку деңгээлде өтүп, республика үчүн абдан жакшы жыйынтыктарды берди деп эсептейт.

"Биринчиден, Кыргызстан үчүн бул абадан коргонуунун бирдиктүү системасы. Бул Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн коопсуздук алкагын түзөт. Анткени Ооганстанда, өзгөчө түндүктө абал абдан курч. Чет элдик чалгын кызматынын Россиядагы маалыматы боюнча, ал жакта Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан менен чек арадагы алсыз жерлерди изилдеп жаткан согушкерлер топтолгон. Борбор Азиядан көптөгөн катышуучулар бар, чагымчылдык болушу мүмкүн. Ошондуктан бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү азыр Жакынкы Чыгышта жана Түштүк Кавказда болуп жаткан жаңжалдар эртең бизде болбойт деген коопсуздукту жана ишенимди жаратат. Бул биздин чек араны жана аба мейкиндигин бекемдейт", - дейт эксперт.

Анын айтымында, иш сапар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер да абдан динамикалуу өнүгүп жатканын көрсөттү.

"800дөн ашык биргелешкен ишканалар түзүлдү. Россия Кыргызстанга мунай өндүрүмдөрүн негизги жеткирүүчү болуп саналат, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоого жардам берерин убада кылды. Динамика абдан жакшы. Менимче, Кыргызстан Россиянын Борбор Азиядагы форпосту бойдон кала берет. Ал эми КМШнын бардык лидерлери бирдиктүү евразиялык мейкиндик сакталып, чыңдалып жатканын айтышууда", — деп жыйынтыктайт Сариев.

Дагы бир саясат таануучу Бакыт Бакетаев Владимир Путиндин сапарынын жыйынтыгында эки тарап тең өз максаттарына жетишти деп эсептейт.

"Владимир Путиндин иш сапарын жана анын сүйлөгөн сөздөрүн көрүп, ал Кыргызстанга жасаган иш сапарынын максаттарына жетти деп айта алабыз. Президент Садыр Жапаров жөнүндө да ушуну айтууга болот. Анын маанайына караганда, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганы көрүнүп турат. Жолугушуунун жыйынтыгында 7-8 документке кол коюлганы белгилүү болду. Алар инвестициялык мүнөздө, билим берүү, коргонуу, энергетика сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүү мүнөзүнө ээ. Ошентип, менимче, баары өз орду менен, иш ыргагында, ийгиликтүү жана план боюнча жүрүп жатат", - деп белгиледи эксперт.

Саясат таануучу, эл аралык уюмдардын Борбор Азиядагы, ЕАЭБдеги жана ШКУдагы аймактык интеграция боюнча кеңешчиси Денис Бердаковдун айтымында, Россия лидеринин иш сапарынын негизги жыйынтыгын Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо программасы деп айтууга болот.

"Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо программасы комплекстүү түрдө кабыл алынган. Ал көпчүлүк күткөндөй, ири ГЭСтерди куруу жолуна түшпөй, Кыргызстанды газ менен камсыздоого басым жасады. Бул жакшы вариант. Бүгүнкү күндө Кыргызстан коңшу Өзбекстанга караганда газды 100 эсе аз керектейт. Ошондуктан «Газпром» Кыргыз Республикасында көгүлтүр отундун керектөөсүн 3-5 эсеге көбөйтүүнү камсыздоого даяр. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Бишкекте Түштүк Казакстан облусуна туташтырылган газ түтүгүн куруу керек. Ошондо биз ЖЭБди газга өткөрүп, газды электр энергиясына айландыруу боюнча 1-2 ЖЭБ кура алабыз. Муну 2-2,5 жылдын ичинде тез эле жасоого болот", - дейт Бердаков.

Ал ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы технологияларды жеткире турган Россиянын структуралык компанияларынын Кыргызстанга киришин белгиледи. Анын ичинде «Росатом» аркылуу.

"Ушундай жол менен Кыргызстанга атомдук энергия кирет. Кошумчалай кетсек, Россия Кытай менен биргеликте “Джунда” базасында мунай иштетүүчү завод курат. Булар Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапарынын негизги жыйынтыктары, Россиянын Борбор Азиядагы жана анын ичинде Кыргыз Республикасындагы көйгөйлөргө энергетикалык жообу ушундай болду", - деп жыйынтыктады Денис Бердаков.

Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономарев Россия президентинин Кыргызстанга болгон иш сапары жемиштүү болгонун белгилейт.

"Албетте, Россиянын мамлекет башчысынын расмий сапары Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Мунун алдында олуттуу даярдыктар көрүлгөн. Сапар кыйла жемиштүү болгондугун белгилегим келет. Мындан аркы кызматташуунун көптөгөн багыттары талкууланды. Мамлекет башчылары кызматташуу жогорку деңгээлде экенин белгилешкени маанилүү. Анын үстүнө Владимир Путин Садыр Жапаровду “Ардак” ордени менен сыйлады. Мунун баары сапар абдан пайдалуу, жемиштүү болгонун жана биздин достош мамлекеттердин ортосундагы өнүгүү динамикасы күч алып баратканынан кабар берет деп ойлойм", - деп эсептейт эксперт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан