Кечээ, 26-октябрда АФК кубогунун тайпалык этабынын алкагында “Абдыш-Ата” менен “Равшан” беттеши орун алып, оюн 1:0 эсебинде аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Беттеш Тажикстандын Гиссар шаарындагы “Варзишгохи Маркази” стадионунда болду.
Оюнда кыргыз футболчулары тажикстандык атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңди. Дарбазага голду Эммануэль Ягр киргизди.
“Абдыш-Ата” эми 9-ноябрда “Равшан” менен кайра кез келет.