MBANK исламдык каржылоону өнүктүрөт жана ишкерлер үчүн жаңы өнүмдөрдү сунуштайт

Банктын кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ААК | MBANK банктын кредиттик портфелин жигердүү өнүктүрүүнү жана рынокко жаңы кызматтарды киргизүүнү улантууда.

Бул чоң багыттардын бири исламдык каржылоо, анын алкагында кардарларга ислам принциптери боюнча банктык кызматтар көрсөтүлөт.

«Биз исламдык каржылоону салыштырмалуу жакында эле ишке киргиздик жана бул продуктыларга чоң суроо-талапты көрүп жатабыз. Аларды өнүктүрүү жана жаңы продукция менен камсыз кылуу максатында биз бизнести жана айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн акцияны жана жылына 10,02% үстөк менен 2 500 000 сомго чейин каржылоо мүмкүнчүлүгү менен «Автокаржылоону» ишке киргизип жатабыз.

Жакында эле өнөктөштүктү чыңдоо жана өнүктүрүү максатында биз ЖИА бизнес-ассоциациясы менен кызматташуу келишимине кол койдук, ал менен ишкерлер үчүн бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз жана кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайбыз», — деди Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Кайратбек Суранаев.

Мурабаха операциясы банктын активди кардарга алдын ала макулдашылган суммага сатуусу менен айырмаланат, ага Банктын соода маржасы кирет.
«Мурабаха» — сатып алуучуга товарды толук ачып берүү, сатуучу иш жүзүндөгү чыгымдарын ачып берет жана пайданын өлчөмүн белгилейт. Негизинен кийинкиге калтырылган төлөм шарттарында дароо жеткирүү үчүн товарларды сатып алуу үчүн колдонулат.

Мисал: Кардар унаа сатып алууну пландап жатат, Банк бул машинаны сатуучудан сатып алат жана аны кардарга бөлүп-төлөөгө үстөк баасы менен сатат.

Кардар үчүн артыкчылык болуп саналат:

*бүтүмдүн коопсуздугу – Банк юридикалык бөлүгүндө транспорт каражаттарын жана кыймылсыз мүлктү сатып алууда документтерди текшерет;
*бүтүмдүн ачыктыгы — кошумча же жашыруун комиссиялар жок;
*«рибанын» жоктугу – төлөмдөрдү узартууда жана кийинкиге калтырууда кошумча пайыздар эсептелбейт.

Учурда MBANK Мурабаха бүтүмүнүн алкагында ислам принциптерине туура келген бир катар продукцияларды иштетет:

  • Автоунааны каржылоо
  • Ипотекалык каржылоо
  • универсалдык-Мурабаха (шарияттын талаптарына карама-каршы келбеген ар кандай түрдөгү товарларды сатып алуу)
    Бөлүп төлөөгө товарлар (керектөө максатындагы товарларды сатып алуу)

Төмөндөтүлгөн үстөктөр менен акция 2024-жылдын 17-январынан 1-апрелине чейин жарактуу.

Ислам каржылоосу тууралуу кененирээк маалыматты Банктын бардык жакынкы бөлүмдөрүнөн биле аласыз. Ошондой эле байланыш борборуна телефон аркылуу: 3333 (Кыргызстандагы уюлдук операторлордон чалуулар акысыз).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан