Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы хоккей боюнча улуттук курама командасы Болгариянын София шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда ири эсепте жеңилип калышты.
Кыргызстандын командасы үчүнчү дивизиондо ойноп жатат. Кечээ, 23-январда Кыргыз курамасы Жаңы Зеландия менен кез келип, 1:12 эсебинде утулуп калышты.
Кийинки оюнун Кыргыз курамасы 25-январда Израилге каршы өткөрөт.
Хоккей боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугу 29-январда аяктайт.