Ошто интимдик жай уюштурганга шектелип чет элдик жаран кармалды

Ош шаарында көмүскө интим жайын уюштурганга шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул туралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдиргендей, 10-февралда Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан дарекке алдын ала алынган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган даректе көмүскө интимдик кызмат көрсөтүүчү жай иштеп келгени аныкталган.

Бул кылмышка шектүү катары коңшу мамлекеттин 1995-жылы туулган жараны С.М. кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүмү (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы 12-февралда Ош шаардык сотунда каралып, аны 12-апрелге чейин абакта кармоого чечим чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан