Англияда футбол тарыхындагы эң тез гол жаралды (видео)

Англиялык "Кройдон" футболдук клубунун оюнчусу Райан Холл оюн башталгандан 2 секунддан кийин гол жаратты. Мындан улам команда "Гиннесстин рекорддор китебине" кайрылуу жасаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Эң ылдам гол "Кройдон"-"Кокфостерс" беттешинде жаралган. Анда футболчу ышкырык жаңырганда эле топту дарбазага таамай багыттаган. Бул үчүн ага 2 секунд керектелген.

"Голдун убактысы 2,31 секундду түздү, биз муну футболдогу эң тез гол деп билебиз. "Гиннесс китеби" муну ырастай аласыңарбы?", - деп жарыялады клуб социалдык тармактарда.

Спорттук басылмалар 2009-жылы андан да тезирээк голду сауд арабиялык “Аль-Хилял” командасынан 21 жаштагы футболчусу Наваф Аль-Абед киргизгенин жазышууда, бирок бул гол ФИФА тарабынан таанылган эмес. Анткени клуб командалардын курамы боюнча эрежени бузган.

"Гиннестин рекорддору" китебинде эң тез гол уругвайлык Рикардо Оливерага таандык. Анда футболчу "Роо Негро" - "Сориано" беттешинде 2,80 секундда гол жараткан.

Англияда футбол тарыхындагы эң тез гол жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан