Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Студенттик ассоциациясынын чемпиондугунда (NCAA) күмүш медалга ээ болду.
Суу спорту ассоциациясынан билдиргендей, ал брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкты 1 мүнөт 51 секундада сүзүп өтүп, марага жеткен.
Белгилей кетсек, Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.