Садыр Жапаров Венгриянын жаңы президентин куттуктады

Бүгүн, 28-февралда президент Садыр Жапаров Тамаш Шуйокту Венгриянын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Куттуктоону президенттин басма сөз кызматы жарыялады.

"Сизди Венгриянын президентинин жогорку кызматына шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Венгриянын элинин бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик ишиңиз ийгиликтүү боло берсин. Сиз Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурасыз деп тереӊ ишенем.

Эки тараптуу мамилелерди сиз менен бирге андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенимди билдирем. Сизге бекем ден соолук, бакты-таалай жана чоң ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоо катында.

26-февралда Венгриянын парламенти өлкөнүн президенти Каталин Новактын отставкасын кабыл алып, бул кызматка Конституциялык соттун төрагасы болуп иштеген Тамаш Шуйокту шайлаган. Ал президенттик кызматка 6-марттан тарта киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан