БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келди

БУУнун башкы катчысынын жардамчысы жана БУУнун өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ боюнча аймактык директору Ивана Живкович иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта БУУӨПтөн билдиришти.

Маалымдалгандай, анын иш сапарынын максаты Кыргызстандын жетекчилиги жана башка негизги кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүү, өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн чечимдерди тездетүү жана интеграциялоо үчүн БУУӨПтүн колдоосунун артыкчылыктуу багыттарына басым жасоо болуп саналат.

Анын жүрүшүндө Ивана Живкович мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Министрлер кабинетинин төрагасы, парламенттин вице-спикери жана тышкы иштер министри менен жолугушуусу пландалган.

Мындан сырткары, Ош жана Баткен облустарына да барат. Ошондой эле климат жана энергетика боюнча лидер аялдар, жеке сектордун кызыкдар тараптары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен да бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Анын сапары 6-мартка чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан