3-март күнү АКШда жол кырсыгынан 2 кыргызстандык жигит каза болгону айтылган. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги кырсык тууралуу расмий маалымат берип, алардын сөөгүн мекенге жеткирүү боюнча маселе каралып жатканын билдирген.
Социалдык тармактарда Алмаз Эгембердиев аттуу колдонуучу каза болгондордун досу экенин айтып, кырсык тууралуу айтып берген видеосун жарыялады.
Анын айтымында, алар жолдо баратканда унаалары бузулуп, аны оңдоо үчүн сыртка чыгып, жолдун жээгинде турганда мас абалындагы аял келип сүзүп кеткен. Эки кыргыз жигити окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми рульда америкалык аял болгону айтылды.
Видеодон полиция кызматкери кыргыз улутундагы жарандарга окуя тууралуу айтып берип жатканын да көрүүгө болот.