Баткенде тыюу салынган диний чакырыктарды жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, интернет сайттарында өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга таандык болгон аудио жана фото материалдарды жайылтып жүргөн Баткен облусунун 1991-жылы туулган А.А. аттуу тургуну аныкталып, кармалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Учурда анын жайылтып жүргөн материалдарына тиешелүү эскпертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.