Өкмөт башчы Бишкектеги көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 8-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалымдалгандай, министрлер кабинетинин төрагасына А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралыкты кеңейтүү боюнча долбоор көрсөтүлүп, маалымат берилди.

"Акылбек Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагы соңку кездери кеңейип баратканын айтты. Ошондой эле жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал Бишкек мэриясынын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан