Акылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн Вашингтонго барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, иш сапардын алкагында Жапаров Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Тараптардын талкуусунун негизги темасы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору, ошондой эле экономикалык перспективалар жана климаттын өзгөрүүсү маселелери, ошондой эле "Полярдык жылдыз" мектебинин билим берүү трансформациясы программасын илгерилетүү болмокчу.

Мындан тышкары дүйнөлүк алдыңкы финансылык жана технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан