Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Калыс-Ордо конушунда заманбап бала бакчанын курулушун улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду алуу иштери аткарылууда. Алуу иштеринен кийин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, имараттын жалпы аянты 1 390 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер участогунун аянты — 0,68 гектар.

"Бекитилген долбоор боюнча имаратта уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, жуунуучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык зал, кампа жана техникалык жайлар каралган.

Курулуш иштерин "Арай" ЖЧК подряддык уюму жүргүзүудө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан