Оренбургдагы кыргыздар жардам сурап жатканы айтылды

Орусиянын суу каптаган Оренбург облусунда жашаган кыргыздар жардам сурап жатат. Бл тууралуу бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.
"Коңшу Казакстан, Орусиядагы селден жапа чеккен жарандарга жардам берилүүдө. Оренбургдун чет жагында кыргыздар жашаган айыл бар экен. Алардын да үйлөрүн суу каптаптыр. Алар дагы бизден үмүт кылып жардам сурап жатышат. Ошону дагы эске алып койсоңуздар", - деди Маткеримов.
Эске салсак, 5-апрелде Оренбург облусундагы Орск шаарын Урал дарыясынан коргоп турган дамба жарылып, суу каптаган. Облуста 6 миңден ашуун турак жай суу алдында калган.
12-апрель күнү таң атпай суунун деңгээли дагы көтөрүлүп, облус борборунда беш кичи район, үч конуш жана 21 багбанчылык коомун суу каптаган.
Бийликтин алдын ала эсептөөлөрү боюнча селден келтирилген жалпы зыян болжол менен 21 миллиард рублду түзүшү мүмкүн.
Жогорку Кеңеш 18.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан