ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан алыс болууну сунуштады

Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу министрлик Кыргыз жарандарына Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан алыс болууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ТИМден билдиришти.

Ага ылайык, жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандарды кырдаал турукташканга чейин өз коопсуздуктары үчүн чараларды күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.

Ошондой эле аталган региондордо жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн элчиликтердин шашылыш байланыш телефондоруна кайрыла алат:

- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;

- Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги: +966583769945;

- Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +989352505226;

- Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +96525359951.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан