Социалдык фонд пенсия кандай документтердин негизинде кармала тургандыгы жөнүндө билдирди.
Ага ылайык, пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана:
- аткарылышы жарандык жана Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлө турган соттук чечимдердин, аныктамалардын, токтомдордун жана өкүмдөрдүн (мүлктүк жаза-чаралары жагында), нотариалдык конторалардын аткаруучу жазууларынын жана башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;
- Социалдык фонддун аймактык органдарынын пенсионер тарабынан кыянаттык кылуунун натыйжасында (атайылап анык эмес жазылган маалыматтары бар документтерди берүүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды бербөөнүн натыйжасында) ага ашык төлөнгөн пенсиялардын суммасын өндүрүп алуу үчүн чыгарылган чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.