Ушул жылдын жаз-жай мезгилинде суу ташкындарын болтурбоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан ички арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, облустук Жарандык коргонуунун отурумунда талкууланып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө ички арыктарды тазалоо боюнча тиешелүү сунуштар берилген.
Эске салсак, 2023-жылдын август айында Түп районунун Каркыра айыл аймагында кыска мөөнөттөгү жааган жаандын кесепетинен сел агып түшүп, турак үйлөрдүн короо жайын, айдоо аянттарын суу каптап, аталган райондо өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.