Чүйдүн Ысык-Ата районунда жайгашкан Азиялык медицина институтунда жол коопсуздугу боюнча профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Ага Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эмил Жакыпов жана Ысык-Ата районунун ЖККБнын башчысы М. Балманов жана Азиялык медицина институтунун студенттери, мугалимдери катышты.
Иш-чарада чет өлкөлүк студенттерге видео-ролик тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле облус аймагында унаа жолдордо электросамокаттар, скутерлер, мопеддер жана велосипеддер менен катышкан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.