Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө арт-галерея куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, эскиздик долбоор Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
Белгилей кетсек, арт-галерея жеңил конструкциядан курулуп, эки кабаттан турат.