Сокулук районунун Селекция айылында окуучу кызды сүзүп, андан ары токтобостон качып кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"25-апрель күнү болжол менен саат 12:18 чамаларында Сокулук районунун Селекция айылынан кара түстөгү ВМW үлгүсүндөгү унаа өспүрүмдү, сүзүп токтобой кетип калган. Бул окуя боюнча издөө тобу тарабынан ВМW үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу табылып, унаа айып короо жайына киргизилди, ал эми айдоочусунун өздүгү такталды. Ал мындан ары чара көрүү үчүн Сокулук РИИБинин тергөө кызматына тапшырылып берилет", - деп жазылат билдирүүдө.