Мен көргөн бир күн: "Үйдү көчкү басты деген кабарды уккан куткаруучулар шашылып барсак эле..."

SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Улукбек Болотбек уулу кызмат учурундагы эсте калган окуялары менен бөлүшөт.

Улукбек Болотбек уулу 1996-жылы Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. 2019-жылы Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтун аяктаган. 2021-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо кырсыктарынан куткаруу кызматында иштеген. Азыркы учурда ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 86123 аскер бөлүгүнүн 1-куткаруу кошуунунун командиринин орун басары.

"Калктын ыраазычылыгы бизге күч-кубат берип, жоопкерчилигибизди арттырат" деген куткаруучу иш учурунда эсте калган окуяларын мындайча баяндап берди.

"Аңтарылып кеткен унаанын ичинде 3 бала аман калган"

- Ош-Бишкек унаа жолунда Суусамыр куткаруу пункту бар. Ал жерге биздин борбордон кызматкерлер барып кызмат өтөшөт. 2022-жылы пунктта нөөмөттө турган кезде жол кырсыгы катталды деген чалуу түшүп калды. Биз кырсык болгон жерге бардык. Анда Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бурулуп жатканда аңтарылып кетиптир. Кырсыктын кесепетинен бир аял, бир киши каза болгон экен. Алардын жансыз денелерин чогултуп, "Тез жардамга" өткөрүп бердик. Эң кызыгы, унаанын ичинде дагы 3 жаш бала (жашы болжолдуу 5, 6 жаштардагы) бар экен. Алар аман-эсен, эч нерсе болгон эмес. "Тез жардам" кызматы алып кетишкен аларды да. Каза болгон киши балдардын атасы, аял болсо таенеси экен.

"Күйүп-бышып чуркап барсак тамаша деп..."

- 2019-жылы Тоо кырсыктарынан куткаруу бөлүмүндө иштеп жаткан чагым. Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаары географиялык жактан жайгашкан орду тегиз эмес, кызыл зоналар көп. Ал жактан бизге бир аймакта көчкү түшүп, үйдү басып калыптыр деген кабар түштү. Команда жабыла көтөрүлүп, шашылып жөнөп калдык. Жолдун жарымына жеткенде техникаларыбыз чыга албай калды андан ары. Болгон керектүү курал-жарактарыбызды көтөрүп алып, күйүп-бышып чыгып барсак, үйдүн ичинде чоң эле киши отурат "тамаша болчу" деп (күлүп). Ал акыл-эси жагынан аксайт экен. Апасы ал үчүн кечирим сурап отурат. Биздин артыбыздан "Тез жардам", алардын артынан мэриянын кызматкерлери чуркап келип калышты. Анан ушундай дагы болот экен да деген боюнча кайтып кеттик. Негизи жалган билдирүү жөнөткөн жарандарга мыйзамга ылайык жаза каралган. Бирок ал адам акыл-эси жагынан аксаганы үчүн чара көрүлгөн эмес.

"Туура эле тандоо жасаган экем деп ойлойм..."

- Куткаруу кызматында иштегениме кубанам. Элге жардамым тийип жатат, жакшы иш кылып жатам деген ойлор жүрөктө жашап, дем-күч берет. Куткаруу иштери аяктаган соң сени тааныбаган адамдар деле келип рахмат айтып кетишет. Ошондо сүйүнүп, кесипти туура эле тандаган экем дейсиң. Үй-бүлөм дагы колдоо көрсөтүп турат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан