Өзбекстандан мыйзамсыз алынып келинген гүлдөр аныкталды

Ош шаарында Өзбекстандан мыйзамсыз алынып келинген гүлдөр аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июлда бажычылар А.А. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter 211 үлгүсүндөгү унааны текшеришкенде Өзбекстандан алынып келинген 3240 даана гүл табылган. Товардын эч кандай жүк коштоочу документтери, анын ичинде бажы документтери жок болгон.

"Соода өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, товардын орточо базар баасы 156 миң 600 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдар Ош облустук прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан