Өлкөнүн Социалдык фонду кайсы ооруга чалдыккан жарандар
пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алса болорун билдирди.
Аларга төмөнкү оорулар кирет:
Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
Кан оорусу:
- курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
- апластикалык аз кандуулук;
- гемофилия.
Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
- кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
- жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
- жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу (анын ичинде өнөкөт аневризми);
- жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
- операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
- эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.
Өнөкөт боор жетишсиздиги, боор циррозу:
- В жана С гепатиттери - 4-5-стадиялар;
- органдарды трансплантациялоого муктаж болгондор жана органдарын трансплантациялоону алгандар.
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.