Криштиану Роналду "Аль-Насрдын" машыктыруучусу кызматтан кеткени боюнча билдирүү жасады

Португалиялык Луиш Каштру Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунун башкы машыктыруучулугунан бошотулуп, Криштиану Роналду мекендешин колдоо иретинде Инстаграм баракчасына: "Баары үчүн рахмат, мистер", - деп жазды.

63 жаштагы машыктыруучу команданын башында бир жылдан ашык убакыт иштегендиктен 17-сентябрда кызматынан бошотулган. Анын жетекчилиги астында саудиялык клуб Араб жана Азия чемпиондор лигасын жеңген.

Белгилей кетсек, "Аль-Наср" клубуна жаңы башкы машыктыруучунун дайындалышы айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан