"Айсулуу, Мээрим менен күрөшкөм". Көчмөндөрдө таяк тартыштан чемпион болгон Эльза Абдыкадырова менен маек

SUPER.KG порталы Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында таяк тартыш (мас-рестлинг) спортунан чемпион болгон Эльза Абдыкадырова менен маектешти.

Эльза Абдыкадырова 1993-жылы Нарын шаарында туулган. Шаардагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктаган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин дене тарбия жана спорт бөлүмүн, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юстиция жана адвокатура бөлүмүн бүтүргөн. Магистратураны Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында улантып, учурда ушул академияда аспирантурада окуп жаткан чагы.

- Саламатсызбы, Эльза? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан алган байгеңиз кут болсун! Өнүккөн бул спорттун түрүнөн жеңиш оңой болбосо керек?

- Саламатчылык, куттуктооңузга рахмат! Ооба, жеңиш оңой болгон жок. Айтканыңыздай таяк тартыш спорту көчмөндөрдөгү көп спорт түрүнө салыштырмалуу өнүккөн, бир топ өлкөгө жайылган спорт. Андыктан атаандаштар күчтүү десем жаңылышпайм. 2018-жылы Ысык-Көлдө өткөн көчмөндөрдө үчүнчү орунду алып калган элем, буйрук экен, бул жолкусунда алтын байге алдым. Астанада 55 килограмм салмак ченинде катышып, финалда улуттук спорту болгон якут өкүлү менен чыгып, жеңип алдым. Ага чейин индиялыкты, казакстандыкты, венгриялыкты уткам.

- Якут элинин бул спортунун өнүгүшүнүн себеби эмнеде?

- Таяк тартыштын тез жайылып жатканы элге жагымдуулугунда го деп ойлойм. Учурда дагы да популярдуулугу артып жатат. Көчмөндөрдө дагы башка спорт түрлөрүнө караганда көп катышуучу катышты деп айта алам. Атлеттер 50дөн ашык өлкөдөн келишти. Бул спорттон дүйнөлүк, азиялык биринчиликтер өтүп жатат. Бул "Мистер Олимпия" деген эл аралык бодибилдингдердин мелдешине кирген спорт. Белгилүү актёр Арнольд Шварценеггер негиздеген "Арнольд Классик" деген жыл сайын өтүүчү турнирге кирген. Салыштырып айтсак, көчмөндөрдүн программасындагы өнүккөн спорт деген алыш бел боо күрөшүнөн ашып бара жатат. Анткени алыштын акыркы убакта жайылышы басаңдап калды. А бул таяк тартыш күндөн-күнгө дүйнөгө жайылууда.

- Буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөрдө үчүнчү орунду алгам деп калдыңыз. Демек, Астанада өткөн оюндар сиз үчүн экинчи көчмөндөрдүн мелдеши болгон экен да?

- Таяк тартыш боюнча десем болот. Негизи көчмөндөргө төртүнчү ирет катышып жатам. Алгач 2016-жылы Ысык-Көлдө алыш күрөшүнөн катышып, коло байге уткам. 2022-жылы Түркияда өткөндө күмүш медаль тагынгам. Анан, жогоруда айтканымдай, 2018 жана 2024-жылы таяк тартыштан катыштым.

- Башка дагы спорттун түрлөрү менен машыккан эмес белеңиз?

- Мен негизи спортко 17 жашымдан баштап аралаштым. Алгач эркин күрөш менен мелдештерге чыгып жүрдүм. Кыргызстандын биринчилигин 5 жыл катары менен уткам. Андан кийин самбо, алыш, грэпплинг, бел боо күрөштөрү менен дагы машыгып, бир катар турнирлерге катыштым. Азия, дүйнө биринчиликтерине, бир катар эл аралык мелдештерге чыгып байгелүү орундарды алган учурларым болду. Алыш, бел боо (борьба на поясах ) күрөштөрүнөн жана таяк тартыштан эл аралык спорт чебери болдум. Ал эми эркин күрөш, самбо, грэпплинг, жиу-житсу, дзюдо, казак күрөшүнөн Кыргызстандын спорт чеберимин.

- Эркин күрөштөн 5 жолу өлкө чемпиону болсоңуз биздин белгилүү балбан кыздарыбыз менен килемге чыгып калган учурлар болду беле?

- Ооба. Убагында азыркы кыйын спортчулар менен тең тайлашып күрөшкөн күндөрүм болгон. Мээрим Жуманазарова менен 2015-жылы күрөшүп, утуп алгам. 2013-жылы Айсулуу Тыныбекова менен финалда чыгып, аз упай менен утулуп калгам. Ошол темп менен азыркыга чейин күрөшсөм, мүмкүн, мени да Олимпиадада көрүп калмаксыздар. Учурда эркин күрөштүн кыздары менен жакшы мамиледемин, убактым болгондо барып машыгып турам. Айсулуу менен досмун десем болот. Астанага кетип бара жатканда мага керектүү витаминдерди, капельницаларды сатып алып берип, жакшы узаткан. Анткени мен салмак куугандыктан менде витаминдерге муктаждык бар болчу. Мелдешке чыгып жатканда да улам чалып, өзүнүн жакшы сөздөрүн айтып, кеңештерин берип турду. Айсулуунун адамдык сапаты өтө бийик, мыкты балбан кыз деп айта алам.

- Эркин күрөштү улантпаганыңызга эмне себеп болду?

- Машыктыруучулар тарабынан болгон бут тосуулар көңүлүмдү калтырып койгон. 2016-жылы бел боо күрөшүнөн Түркмөнстанда боло турчу дүйнө биринчилигине катышууну пландап, башкы машыктыруучудан суранып кеткем. Ошентип үчүнчү орунду алып келгенден кийин мени "сен бел боо күрөшүнөн катышып жатыптырсың" деген шылтоо менен эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугуна катыштырышпай коюшкан. Анткени менин салмагымда Нурбек Изабеков, Болот Ибраев, Таалай Каимов агайлардын машыктырган кыздары бар болчу. Негизи ошондо Кыргызстан чемпиондугун уткандар Олимпиадага катышуу үчүн лицензиялык турнирге жолдомо алмакпыз. Бул мага оор тийди, ошол учурда депутаттарга кайрылган күндөрүм болду. Бирок маселе чечилбей калган.

- Үч жогорку окуу жайды бюджеттик негизде окуптурсуз, дагы улантып жаткан кезиңиз экен. Сурайын дегеним, ошол учурларда окууда кыйынчылыктар, жетишпей калган күндөр болду беле?

- Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын магистратурасына бир учурда тапшырган элем. Ошол учурда кыйынчылыктар болду. Бир окуудан чыгып экинчисине катышып жүрдүм. Жолдошум мени ташып жүрүп, мени менен чогуу окугандай эле болгон. Эже-агайларыма дагы ыраазымын, жетишпей жаткандымды түшүнүшүп, катыша албай калган сабактардан үйгө тапшырма берип турушчу. Ал учурда иштеп дагы жүргөн кезим эле. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында аспирантурада окуп жатам. Азыр эки кызым менен үйдө болгондуктан бош убактым болуп, жетишип жатам.

- Эмгек жолуңуз тууралуу айтып бербейсизби?

- Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөндө алгач Токмоктогу кыздардын "Үмүт" билим берүү лицейинде беш жыл дене тарбия сабагынан сабак бердим. Мындан тышкары Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте эки жыл, Кыргыз-түрк "Манас" университетинде бир жыл эркин күрөштөн машыктыруучу болуп иштегем.

- Көчмөндөгө кайтып келсек, таяк тартыштан кыргыз курамасы кандай жыйынтык көрсөтө алдыңыздар?

- Астанага өлкөдөн барган спортчулардын ичинен эң жакшы көрсөткүчтү биздин таяк тартыш көрсөттү. Буга 8 киши катышып, 5 алтын 2 күмүш 1 коло уттук. Жалпы командалык эсепте чемпион болдук.

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- 17-ноябрда Бишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө биринчилиги өткөнү турат. Ошого азыртан Келдибек Атайбек уулунун машыктыруусунун алдында даярданып жатабыз. Андыктан биринчи планым бул турнирди жеңиш менен аяктоо десем болот. Кийинки көчмөндөргө ден соолукта болуп турсак катышууга аракет кылабыз. Кээде олимпидалык эмес спортторду жыйыштырып, эркин күрөш менен машыгууну улантсамбы деген ойлор болот. Бирок бул боюнча максаттуу план коюп, бир чечим кабылдай элекмин. Башка дагы үстүнөн иштеп жаткан пландарым бар. Бирок аны ишке ашса айтсам туура болот болуш керек.

- Кыргыздын сиздей ар тармактан өнүккөн, окуу менен спортту бир алып жүргөн жарандары көп болсун! Кызыктуу маек куруп бергениңизге терең ыраазычылык билдиребиз! Алдыда жарата турчу ийгиликтериңизге чогуу күбө бололу!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан