Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине "Унаа" мекемесинин кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берип жатып, буга чейин айдоочулук күбөлүктөр сатылып келгендиктен жол кырсыктары көп катталып келгенин айтты.
"Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт! Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды. Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Эгер мындан ары деле айдоочулук күбөлүк сатыла берсе, анда бул сандар өсө берет. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек.
Мына ошондо да 50-60 жылдан кийин араң күбөлүк сатып алгандардан тазаланабыз. 2020-жылы күбөлүк сатып алган уул-кыздарыбыз бүгүн араң 24тө. 50-60 жылдан кийин 74-84кө чыгат, туурабы? Эгер азыр токтотпосок, 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып, машина айдап жүргөндөрдөн тазалана албайбыз. Ошондуктан учурдан пайдаланып, бүткүл кыргызстандыктарга, айрыкча жаштарыбызга кайрылып кетет элем. Айдоочулук күбөлүктү сатып алам деген ойдон кайтыңыздарчы. Эрежелерди жаттап алыш оорчулук жаратабы? Жөн гана моюн жар бербегендик деп ойлойм. Жаттап, баарын билип алсаңар, өзүңөргө жакшы эмеспи. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болсо да, эркин айдап жүрөсүңөр да", - деди Жапаров.