Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жыл үчүн баяндамасы угулду. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди.
БШКнын төрайымы былтыр Жогорку Кеңештин 8 депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун айтып, алар түрдүү себептерден улам болгонун белгиледи.
Ошондой эле ал Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун жыйынтыктары боюнча чечимдери кайра жаңы жагдайлар менен каралбасын деген сунуш киргизип жатышканын билдирди.
"Шайлоодон 3 жыл өткөндөн кийин да БШКнын чечимдери жокко чыгарылып, сотто кайра каралып жатты. Бул бардык жагынан туура эмес деп эсептейбиз", - деди Шайлдабекова.
Эске салсак, Жогорку сот быйыл 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду мандатынан ажыраткан. Ал 2022-жылы февралда №29 Свердлов округу боюнча өткөн кайра шайлоодо депутат болуп келген.
Ага чейин 2023-жылы 26-августта БШК Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округунан шайланып келген Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан. Ага 18-августта Жогорку сот Бакиров шайланган Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырганы себеп болгон.
Бакировго шайлоодо добуш сатып алган деген кине коюлган. Анын ордуна 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган округдан 2-орунду алган Равшанбек Рысбаев депутат болуп келген.