Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы К.Бактыгүл арыз менен милицияга кайрылган. Анда “болжол менен саат 19:30 чамасында Мессароша көчөсүндөгү №99-үйдүн жанынан белгисиз азиат улутундагы, жашы 25-30 чамасындагы адам мени таш менен башка бир нече жолу уруп, зордуктоого аракет жасады” деп жазылган. Бул тууралуу 2-январда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш изи сууй электе Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну Т.Шерзат кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Тергөө учурунда Т.Шерзаттын Асел деген кызды да бир нече жолу уруп, зордуктоого аракет жасагандыгы аныкталды.