Бүгүн, 19-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында "Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан бийиктиги 5576 метрге жеткен аты жок чокуга "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Жыйында долбоорду мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды. Жыйынтыгында депутаттар бир добуштан колдошту.
Эске салсак, 2-июлда Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келген БУУнун баш катчы Антониу Гутерришке президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылгандыгы тууралуу сертификат тапшырган.