Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы катардагы жоокердин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы катардагы жоокердин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында КРнын Коргоо министрлиги бүгүн, 8-январда билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын 31-декабрында Ош шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн биринде кызматын өтөп жаткан К.К. аттуу жоокер көчөдө жүргөн иттерди коркутуу максатында ок чыгарган. Бирок ок иттерге эмес, кароолдо турган Ж.у.А. аттуу аскердин санына тийген. Жабырлануучу алган жараатынан улам 2014-жылдын 3-январында каза болгон. Учурда ок аткан аскер камакка алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 364 (кароол кызматын аткаруунун эрежелерин бузуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан