Бүгүн, 3-мартта режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бишкекте өткөн коштошуу зыйнатына актрисанын туугандары, жакын санаалаштары, кесиптештери катышты.
Белгилей кетсек, 1-мартта Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салганы кабарланган.
Ырыс Жоомартова "Шаардык келин Шарапат", "Айылдык келин Алёнка", "Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт" жана башка тасмаларга режиссёрлук кылган.