Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан чек арасы ачылат

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачылат. Бул тууралуу маалыматты президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыктады.

Маалымдалгандай, Лейлек районундагы "Кайрагач" жана Баткен районундагы "Кызыл-Бел" чек ара өткөрүү жайынын ачылышына президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон аралыктан катышат.

Коңшу өлкөнүн лидери Эмомали Рахмон Бишкекке кечээ, 12-мартта мамлекеттик сапар менен келген.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы чек ара өткөрүү жайлары 2021-жылдын май айында болгон биринчи кандуу кагылыштан кийин жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан