Жээнбек Кулубаев: "Чек арадан тышкары 16 документке кол коюлду" 

Чек арадан тышкары дагы 16 документке кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуусунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге жооп берип жатып билдирди.

"Бул, биринчиден, тарыхый, экинчиден, боло турчу визит. Эки мамлекет коңшу болгондон кийин кызматташтык, катташ болуп туруш керек. Бүгүн чек арадан тышкары 16 документке кол коюлду. Эки мамлекет ортосундагы соода-сатык, маданий байланыш, айыл чарба, сууну колдонуу, транспорт жана билим боюнча документтерге кол коюлду. Бул эки мамлекеттин ортосундагы байланышка чоң жардам берет", - деди ал.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөнүн лидери Эмомали Рахмон Бишкекке кечээ, 12-мартта мамлекеттик сапар менен келген. Бүгүн "Ынтымак ордодо" Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшту.

13.03.2025
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан