"Бай-манаптык үстөмдүк көрсөтүп..." Депутат сынды көтөрө албаган жетекчилер бар экенин айтты (видео)

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйында анык эмес маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартууну караган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Русланбек Жакышов мыйзам кабыл алынса сөз эркиндигине, адам укугуна доо кетириши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, сынды көтөрө албаган жетекчилер үчүн курал болуп калат деген кооптонуусун да айтты.

"Сынды көтөрө алабаган, өзүн абдан бийик сезип алган жетекчилер да бар. Кээ бир жетекчилер ачуу сынды айткан кол алдындагыларды ИИМ, прокуратура, сот кызматкерлери менен коркутуп, айыптарды салдырып, өзүнүн бай-манаптык үстөмдүгүн көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз.

Мыйызам кабыл алынса, мындан да аша чаап кетишпейби? "Таяктын эки учу болот" деп коёт го... сөз эркиндиги, адам уку деген да бар. Сынды көтөрө албай тилин кырктыргандар бар. Чындап мамлекетти козутуп, кыянаттык кылгандар ансыз да жоопкерчиликке тартылып келген", - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жетекчи болсо да жазган арызы иликтенип, далилденгенден кийин гана сотко өткөрүлөрүн айтты.

Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзам колдоо тапты.

08.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан