ТИМ Стамбулда мугалимдин кармалышына байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы консулу менен жолукту

Бүгүн, 24-апрелде Түркиянын Анталья шаарында өткөн эл аралык математика олимпиадасына окуучуларды коштоп барган Кыргыз Республикасынын жараны Н.у.А.нын кармалганына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу менен жолугушуу болду. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө аталган окуя боюнча расмий маалымат берүүнү өтүнүп, ошондой эле Вена конвенциясына ылайык Н.у.А.га ыкчам консулдук жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин вербалдык нотасы тапшырылды.
"Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан адвокат табууга көмөк көрсөтүлүп, Түркиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу максатында ыкчам консулдук сапар уюштурулду. Олимпиаданын бардык катышуучуларын коопсуз кайтаруу маселеси көзөмөлдө турат. Жарандардын биринчи тобу Кыргызстанга кайтып келди, калган бөлүгүнүн учуусу жакынкы убакта күтүлүүдө. Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандары жана кармалган жарандын жакын туугандары менен тыгыз байланышта болууда", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, буга чейин “Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ал Стамбул аэропортунан чек арачылар тарабынан кармалганы айтылган.
Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча иш алып барылып жаткандыгын расмий билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан