Кыргызстандык спортчу парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло байгеге ээ болду (видео) 

Кыргызстандык парадзюдочу Айбике Уланбек кызы Астанада өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Парадзюдо федерациясы билдирди.

Ага ылайык, спортчу мелдешке 52 килограмм салмак ченинде катышкан.

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан парадзюдо боюнча дүйнө чемпиондугу (IBSA Judo World Championships Astana 2025) 13-майда башталган, ал 15-майга чейин уланат.

14.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан