Bakai Bank командасы 2025-жылкы Кыргызстан Банктар Кубогунун финалында атаандашын 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, чемпиондукка жетти. Бул оюн командалык духтун, лидерликтин жана туруктуулуктун жаркын үлгүсү болду.
Финалдык беттеште Bakai Bank күчтүү атаандашы — Элдик Банк командасы менен таймашты. Оюн абдан динамикалуу жана кызыктуу өттү: курч чабуулдар, мыкты голдор жана оюн талаасындагы жогорку берилгендик күйөрмандардын алкоосуна арзыды. Жыйынтыктагы 4:0 эсеби жөн гана жеңиш эмес, финансы тармагында да, спортто да мыкты натыйжага жетүүнү билген бирдиктүү команданын күч-кубатынын далили болду.
"Биз үчүн эң маанилүүсү - жеңиш эмес, команда болуп ойноо. Бул принцип футболдо да, жумушта да бирдей мааниге ээ",- деп белгиледи Bakai Bank командасынын капитаны.
Бул турнир өлкөдөгү алдыңкы банктардын командаларын бириктирип, чыныгы спорттук духтун жана корпоративдик ынтымактын майрамына айланды. Bakai Bank үчүн бул жеңиш - жөн гана титул эмес, бул банктын негизги баалуулуктары иш жүзүндө да жанданып жатканын тастыктаган чоң жетишкендик.
Bakai Bank — бизнесте да, оюнда да биринчи. Жеңишти бирге багындырабыз!